Студенттер жана окуучулар үчүн сынак жарыяланды

Башкы Жаңылыктар

Студенттер жана окуучулар үчүн сынак жарыяланды

Image

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата окуучулар жана студенттер арасында “Сом – Кыргызстандын жүзү” республикалык сынагы жана каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн нумизматикалык көргөзмөлөр өтүп жатканын билдирет.

7-11 жаштагы катышуучулар “эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк”, 12-15 жаштагылар – “эң мыкты эссе”,  16-20 жаштагылар – “мыкты видеоролик / репортаж” номинациялары боюнча сынакка катыша алышат.

Сынак эмгектеринин темалары:

- “Сом – Кыргызстандын жүзү” / «Сом – лицо Кыргызстана».

- “Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр” / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем».

- “Кыялдар канат байлаганда” / «Когда мечты становятся возможностью».

“Эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк” номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-апрели саат 17:00го чейин, “эң мыкты эссе”, номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-октябры саат 17:00го чейин,  “мыкты видеоролик / репортаж” номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-ноябры саат 17:00го чейин кабыл алынат.

Балдар жана жаштар арасында республикалык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо