ОшМУда чет өлкөлүк студенттер акыл таймашында беттешти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда чет өлкөлүк студенттер акыл таймашында беттешти

Image

ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү окуу жайдын факультеттеринде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында “Тышкы миграция, визалык маселелер” аттуу брейн-ринг өткөрдү. Эки раунддан турган интеллектуалдык иш-чарага 6 студенттен куралган 7 команда катышты. Командалар “Виза”, “Миграция”, “Элчилик”, “Жүрүм-турум эрежелери/нормалары”, “Ош шаары жана ОшМУ” боюнча түзүлгөн логикалык суроолорго жооп беришти. Акыл оюну орус тилинде өттү. Ага Индия, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдөн келип, ОшМУда билим алып жаткан студенттер катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «Union» командасы, 2-орунду Педагогика жана психология факультетинин «Psychologist» командасы, 3-орунду Медицина факультетинин «Будапешт» командасы ээледи. Ошондой эле катышуучуларга “Эрудициялуу команда - Sixth sense”, “Ынтымактуу жана бирдиктүү команда - Union”, “Ажарлуу команда - Интеллектуалдар” жана “Мыкты оюнчу” номинациялары ыйгарылды. Командаларды даярдап, жетектеп келген окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Акыл таймашы чет өлкөлүк студенттердин виза, тышкы миграция, Ош шаары жана окуу жай боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу, алардын ортосунда достук мамилени чыңдоо, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, изденүүсүнө түрткү берүү, кураторлордун алар менен тыгыз иш алып баруусун активдештирүү максатында өткөрүлдү. 

Ушул эле аталыштагы иш-чараны ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү 26-февралда өлкөбүздүн түштүгүндөгү ЖОЖдордо окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында өткөрүүнү пландап жаткандыгын билдирди.

Фото галерея