2022-жылы мектептердин 40% бүтүүчүлөрү босого балдан өтпөй калган

Башкы Жаңылыктар

2022-жылы мектептердин 40% бүтүүчүлөрү босого балдан өтпөй калган

Image

Министрликтин Билим берүүнүн сапатын баалоо сектору тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы боюнча маалыматтарды талдоонун жыйынтыгы мектептердин орточо 40% негизги тесттен 110дон төмөн балл алганын көрсөттү.

2022-жылы Баткен облусундагы мектептердин 52% бүтүрүүчүлөрү босого баллдан төмөн балл алышкан.

Мындай мектептердин 47%  - Чүй облусунда,

44% - Жалал-Абад облусунда,

42% - Ош облусунда,

38% - Ысык-Көл жана Нарын облустарында,

29% - Ош шаарында,

27% - Талас облусунда,

15% -Бишкек шаарында.

Республиканын райондорунун контекстинде маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, акыркы үч жылда ЖРТ 50% начар натыйжалары болгон райондордун саны 9 райондон 15ке көбөйгөн.

Алсак, Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон мектептердин саны 77%,

Манас районунда – 69%,

Кемин районунда – 67%,

Майлуу-Суу шаарында – 67%,

Ысык-Ата районунда жана Кант шаарында - 60%,

Панфилов районунда - 59%,

Кара-Суу районунда - 58%,

 Кочкор районунда - 56%,

Жумгал районунда - 54%,

Сокулук районунда - 52%,

Ак-Суу районунда - 52%,

Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда - 52%,

Базар-Коргон районунда - 51%,

Баткен шаарында жана Баткен районунда - 51%,

Аксы районунда - 50%.

2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология боюнча катталган.

Жалпысынан математика сабагынан начар жыйынтык көрсөткөн мектептердин эң көп саны Чүй облусунда (79%),

физика боюнча – Нарын облусунда  (80%),

химия жана биология боюнча – Баткен облусунда (78% жана 72%),

тарых боюнча - Ош облусунда (61%),

кыргыз тили боюнча - Чүй облусунда (30%),

орус тили боюнча - Ош облусунда (61%),

англис тилинде - Жалал-Абад облусунда ( 21%).