Стартап долбоорлор боюнча сынактын кезектеги 5 финалисти аныкталды

Башкы Жаңылыктар

Стартап долбоорлор боюнча сынактын кезектеги 5 финалисти аныкталды

Image

ОшМУнун Жаштар бизнес паркында 210 студенттин ичинен тандалган 45 студент үчүн 5 күндүк бизнес-тренинг өткөрүлдү. Катышуучуларга тренингден сырткары Ош шаарындагы мекеме-ишканаларга бизнес-тур уюштурулду. Бир жума аралыгында  студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, питчинг күнү  өздөрүнүн долбоорлорун калыстарга жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташты. Питчингдин жыйынтыгы менен 5 финалист аныкталды. Алар эми 2000 доллардан грант алуу алдында турат.

Финалисттер:

1. Турдубаева Айтурган, Искусство факультетинин аспиранты

2. Бекмаматова Асылгул, Педагогика жана психология факультети

3.Эркин кызы Айзада, Искусство факультети

4. Турсункулов Байзак, Математика жана информациялык технологиялар факультети

5. Нурлан кызы Айсулуу, Искусство факультети.

Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ОшМУнун Жаштар бизнес паркы тарабынан Ага Хан Фондунун жана USAIDдин колдоосу жана кызматташуусу менен ишке ашырылууда.

Фото галерея