Студенттер аскердик күжүрмөн техникалары көрсөтүлгөн ачык эшик күнүнө катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер аскердик күжүрмөн техникалары көрсөтүлгөн ачык эшик күнүнө катышты

Image

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгү мектеп окуучулары жана студенттер үчүн 20-февралда  ачык эшик күнүн өткөрдү. Иш-чарага ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжинен 11 тайпанын, финансы-юридикалык колледжинин 2 тайпасынын студенттери катышты.

Анда студенттер жоокерлердин күнүмдүк турмушу,  аскердик күжүрмөн техникалары, аскер куралдары менен жеринде таанышты. Иш-чаранын алкагында 8 команда катышкан аскерлештирилген спорттук  мелдеш өткөрүлүп, ОшМУнун эл аралык  билим берүү программалары колледжинин командасы 1- орунду ээледи.

Ачык эшик күнүнө студенттерди аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу, подполковник  Жуманазар Самидинов,  Эл аралык билим берүү программалары колледжинин директорунун тарбия  иштери боюнча  орун басары Барчын Давлятова жетектеп барды.

Мындай иш-чаралар студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, аскер турмушу менен тааныштыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Фото галерея