АКШдан келген тренерлер мастер-класс өтүштү

Башкы Жаңылыктар

АКШдан келген тренерлер мастер-класс өтүштү

Image

"ОшМУнун Бизнес паркында"  2023-жылдын 20-февралында атайын АКШдан келген бизнес тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү, белгилүү бизнес тренелер Венделл Пек, Дарси Харис жана Канат Есмагамбетов тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класс өтүштү.

Тренерлердин бири Венделл Пек 2007-жылдан бери The Entrepreneurial Operating System (EOS) ишкердик операциялык системасы деп аталган бизнести башкаруу методологиясын үйрөтүп келе жаткан Absolute Traction компаниясынын ээси. Ал жеке бизнес ээлерин көз караш, тартип, жоопкерчилик, лидерлик сапаттар боюнча  боюнча машыктырып келет.

Дарси Харрис Түндүк Америкадагы Mars Wrigley кондитердик фабрикасында камсыздоо тармагынын вице-президенти болуп иштеген. 30 жылдык иш тажрыйбасында  Mars UK Petcare компаниясынын сатып алуулар боюнча директору, бир нече заводду, логистиканы жана кардарларды тейлөөнү башкаруу,  M&M's, Snickers жана Twix сыяктуу 11 фабрикага жооптуу болгон Mars Chocolate Түндүк Америка боюнча операциялардын директору жана АКШдагы бир нече заводдордун сайтынын директору болуп иштеген. Учурда өзүнүн иш-тажрыйбасы боюнча нассатчылык иштерин алып барат.  

Ал эми Канат Есмагамбетов окутуу жана өнүктүрүү боюнча 20 жылдык тажрыйбасы бар эксперт. GLPге кошулганга чейин ал Индиядан келген эң ири фармацевтикалык компания болгон Dr. Reddy's Laboratories үчүн окутуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болгон. Канат Есмагамбетов эл аралык экономика боюнча бакалавр даражасын жана уюштуруучулук лидерлик боюнча магистр даражасын алган. Ал ICF стандарттары боюнча сертификаттуу машыктыруучу жана максатты туура тандоо боюнча сертификаттуу тренер.
Мыкты тренерлердин катышуусунда өткөн жолугушууга 70тен ашуун ОшМУнун стартаперлери, студенттер, окутуучулар катышты. 
Бизнес жолугушууда тренерлер эмоционалдык интеллект, менеджменттик жана лидерлик сапаттарды калыптандыруу, бизнес идеяларды иштеп чыгуу, бизнести реализациялоо боюнча кенен маалыматтарды беришти. Ошондой эле экономикалык ар кандай маселелерди чечүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  
Иш-чара "ОшМУнун Бизнес паркы"  тарабынан демилгеленип өткөрүлдү. Мындан ары да мындай жолугушуулардын алдыда пландалгандыгы айтылды.
 

Фото галерея