ОшМУнун айымдары мырзаларды куттуктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун айымдары мырзаларды куттуктады

Image

ОшМУнун  Аялдар кеңешинин курамы университетте эмгектенген мырзаларды 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Аялдар кеңешинин жалпы курамы майрамга карата университетте эмгектенген ректорат жамаатын, ошондой эле бардык факультет, колледждерде эмгектенген агайларды, студент мырзаларды  жеринен куттуктап, майрамдык төш белги тагып, шириндиктерди белек кылышты.

Аялдар кеңеши тарабынан демилгеленип уюштурулган иш-чарага  ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, окуу жайдын Аялдар кеңеши Гулнара Сейитказыева, окуу жайдын факультеттеринин Аялдар кеңештеринин төрайымдары катышты. Майрамдык иш-чарага ОшМУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөттү.

Фото галерея