Студенттер Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери менен жолукту

Image

STEM иновациялык колледжинде "Мекенди коргоо ыйык милдет"  аталышындагы  иш чара болду. Иш-чара Афганистандан Советтик армиянын чыгарылышы жана Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Индустриалдык-педагогикалык колледжинин башкарууну документтациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер ПЦКсы тарабынан уюштурулду.

Максаты өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимдерин өстүрүү жана мекенди коргоо ар бир жарандын ыйык милдети экендигин туюндуруу.

Ага Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери чакырылып, алар башынан өткөн окуяларын, согуштун кесептери боюнча студенттерге маалыматтарды беришти. Соңунда студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, алдыда  ушундай иш чараларды өткөрүүнү салтка айландыруу сунуштары айтылды.

Фото галерея