ОшМУ Франциянын Пуатье университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Франциянын Пуатье университети менен кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Франциянын Пуатье университетине “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында аталган университеттин чакыруусу менен барышты.

ОшМУ Пуатье университети менен “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койду. Келишимге ылайык ОшМУнун окутуучулары жана студенттери мындан ары Пуатье университетинен бир семестр окуудан өтүп, семинар-тренингдерге катышып келе алышат.  

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун делегациясы окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу процессинин уюштурулушу, административдик башкаруусу, илимий жана окуу лабораториясы, спорт комплектери, жатаканалары менен таанышты.

Мындан ары аталган окуу жай менен  илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу боюнча кызматташуулар уланат.

 

Фото галерея