ОшМУнун колледждери Эне тили күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун колледждери Эне тили күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү

Image

Бүгүн, 24-февралда ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин түзгөн Жобосунун негизинде окуу жайдын коллеждеринин 21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө арналып уюштурулган "Улут  болсом - тилим менен улутмун!" аттуу салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Мастура Шарипова катышты. Кечеде дүйнө элдеринин ыры жаңырып, бийлери бийленип, маданияты чагылдырылды.
Доцент Мастура Шарипова коллеждер арасында өткөрүлгөн иш-чараны эң мыкты өткөндүгүн белгилеп, ЭАББП колледжинин кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтик циклынын төрайымы Бактыгул Байтиковага терең ыраазычылык билдирди. Кечеге мыкты катышкан студенттер окуу жайдын  ыраазычылык каты, дипломдору менен  сыйланды.