ОшМУ менен Аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин кызматташтыгы артат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин кызматташтыгы артат

Image

Иран Ислам Республикасынын Аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин тил жана ислам илимдери борборунун Борбор Азия аймагы боюнча директору, профессор Али Мохсени ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов менен жолугушту.  Жолугушууда ОшМУ менен Аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин алдыдагы кызматташтык боюнча сөз болду.

Профессор Али Мохсени чыгыш таануу илим-изилдөө институтунун директору  Ильдус Гимазитдинов менен Эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасында болуп, кафедра башчысынын милдетин аткаруучу Элес Эркебаев менен пикир алышты. Иш сапардын алкагында чыгыш таануу адистигинин студенттери менен жолугушуп, өткөн окуу жылында араб жана фарси тилдери боюнча онлайн форматта билим алган 10 студенттин ичинен  эки студентке сертификат жана стипендия тапшырды.

ОшМУнун жана анын чыгыш таануу илим-изилдөө институту, чыгыш таануу кафедрасы менен биргеликте алдыда жасай турган бир топ иштер боюнча макулдашуулар болду.

Жолугушуу ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти Жолдошбек Бөтөнөев жана аталган кафедранын улук окутуучусу Аскар Шайымкуловдун  демилгеси менен уюштурулган.

Фото галерея