“Жаш илимпоз” аттуу семинар-тренинг

Башкы Жаңылыктар

“Жаш илимпоз” аттуу семинар-тренинг

Image

2023 -жылдын 24 –февралында окуу жайда илимий макала жазууга көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган семинар-тренинг болду. Окутууну  ОшМУнун илимий изилдөө бөлүмүнүн алдында түзүлгөн Жаш илимпоздор кенеши уюштурду.

Семинар-тренингге университеттин ар факультеттеринде билим алган 30га жакын студенттер катышты. Мында Жаш илимпоздор кеңешинин мүчөлөрү Гульзина  Даниярова  (Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу) жана Нурсултан Кубанычбек уулу  (Тарых факультетинин окутуучусу) баяндама жасады.

Окутуунун жыйынтыгында семинар-тренинге катышкан 30 студентке сертификаттар  тапшырылды.