Тышкы миграция, визалык маселелер боюнча брейн-ринг өттү

Башкы Жаңылыктар

Тышкы миграция, визалык маселелер боюнча брейн-ринг өттү

Image

ОшМУда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ЖОЖдордо билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер “Тышкы миграция, визалык маселелер” аттуу брейн-рингде таймашты. Эки раунддан турган бул интеллектуалдык жарышка 7 команда катышты. Командалар “Виза”, “Миграция”, “Элчилик”, “Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарлары”, “Логика” жана жалпы кругозор боюнча түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Иш-чарада Ош, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, Ош технологиялык университетинен, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен жана К.Ш. Токтоматов атындагы эл аралык университеттен келген оюнчулар күч сынашышты.

Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Ош технологиялык университетинин командасы 5000 сом,  2-орунду ээлеген  Баткен мамлекеттик университетинин командасы 3000 сом, 3-орунду ээлеген Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы 2000 сом менен сыйланышты.

Конкурста Россиянын Ош шаарындагы генералдык консульствосунун атташеси Денис Городилов, Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн 3-катчысы Эрнист Абдирашитов, ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын журналисти, “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун алып баруучусу Талантбек Канатбек уулу, Оштогу орус үйүнүн кызматкери Елена Куканбаевалар калыстык кылышты.

Иш-чара чет өлкөлүк студенттерди тышкы миграциянын эрежелери менен тааныштыруу, виза алууга үндөө жана алардын ортосунда достук мамилени орнотуу, кругозорун кеңейтүү максатында өткөрүлдү.

Чет өлкөлүк студенттердин өтүнүчү боюнча бул таймаш ЖОЖдор ортосунда ырааттуу түрдө өткөрүлө турган болду. Эстафета Ош технологиялык университетине тапшырылды.

Фото галерея