Район башчылары, айыл өкмөттөр эки күндүк окуудан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Район башчылары, айыл өкмөттөр эки күндүк окуудан өтүштү

Image

2023-жылдын 27-28- февраль күндөрү ОшМУда Ош облусунун  райондорунун башчылары-акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына семинар-тренинг өткөрүлдү. Окутуу "Мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу"  темасынын алкагында болду.
Семинар-тренингди  бизнес жана менеджмент факультетинин "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кафедрасынын  окутуучулары Нурмухаммед Аташбаев, Марат Юсупов жана "Экономика жана салыктар" кафедрасынын доценти Назгуль Матикеева өттү.
Иш-чара ОшМУ менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда түзүлгөн консорциумга жана 2022-жылдын 27-октябрында   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде уюштурулду. 
ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы мамлекеттик кызматкерлерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу иш-аракеттеринде мындан ары да көмөктөшөт.

Фото галерея