Масленица- славян элдеринин майрамы

Башкы Жаңылыктар

Масленица- славян элдеринин майрамы

Image

Орус филологиясы факультетинде  салт боюнча ар жылы февраль айынын аягында Масленица майрамы белгиленет. Бул жылы да өткөрүлүп,  ага факультеттин студенттери, окутуучулары, Ош шаарындагы мектеп окуучулары, «Чет өлкөдө орус мугалими» долбоорунун алкагында иштеген орусиялык мугалимдер, “Орус дүйнөсү» коомдук фондуунун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар орус элдик ырларын ырдап,  элдик оюндарды ойноп,  сынактарга катышты. Мектеп окуучуларынын сүрөттөрүнүн жана прикладдык декоративдик искусствонун көргөзмөсү уюштурулду. Досторондор жайылып, орустун улуттук тамактары, эң негизгиси – жаздын жана күндүн символу болгон куймактар да коюлду.

Майрамдын аягында кыштын кетишин жана жаздын келишин билдирген Масленицанын сөлөкөтү өрттөлдү. Активдүү катышуучуларга факультеттин жана «Русский мир» фондунун Ардак грамоталары менен тапшырылды.

Фото галерея