Эл аралык долбоор жазуу жана жыйынтыгында скопуска макала берүү

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык долбоор жазуу жана жыйынтыгында скопуска макала берүү

Image

2023-жылдын 1-март күнү ОшМУда“Эл аралык долбоор жазуу жана жыйынтыгында скопуска макала берүү”  аттуу илимий-методикалык семинар өткөрүлдү. Семинарды окуу жайдын илимий- изилдөө бөлүмү тарабынан эл аралык фонддор жана программалар менен биргелешип эл аралык долбоорлорду аткаруу максатында уюштурулду.

Спикер катары Клаусталь Техникалык Университетинин приват-доценти (Германия), хабилитацияланган техника илимдеринин доктору Талант Рыспаев чакырылды.

Иш-чарага  ректор Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү, аткарылып жаткан долбоорлордун жетекчилери, факультет, колледждердеги бул багытта кызыкдар болгон 60ка жакын  окумуштуулар катышышты.

Семинардын жыйынтыгында, ОшМУ өзгөчө статус алган университет катары “QS университетинин дүйнөлүк рейтингине” катышуу механизмдери боюнча  маалыматтарга ээ болушту. 

Фото галерея