Самара мамлекеттик агрардык университетинде биргелешкен форум башталды

Башкы Жаңылыктар

Самара мамлекеттик агрардык университетинде биргелешкен форум башталды

Image

Самара мамлекеттик агрардык университетинде “Илим жумалыгы” илимий-практикалык форумунун ачылыш аземи өттү. Аталган форум ОшМУ жана Казакстандагы Эл аралык инженердик-техникалык университети менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Самара мамлекеттик агрардык университети федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемесинин ректору Сергей Машков,  Самара облусунун айыл чарба жана тамак-аш министри Николай Абашин,  Эл аралык инженердик-технологиялык университетинин ректору Гүлнар Сарсенбекова, ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, «Россельхозбанк»  АКсынын Самара филиалынын директору  Раиль Багдаловдор сөз сүйлөдү.

Форумдун пленардык жыйынында ОшМУнун ветеринария жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдугани Абдурасулов «Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматындагы малдардын генетикалык ресурстары жана ветеринариядагы инновациялар» деген темада баяндама жасады.

Абдугани Абдурасулов баяндамасын Кыргыз Республикасы тууралуу презентациясы менен баштады. Анда өлкөбүздөгү кооз жерлер, белгилүү инсандар жана өнөр жайлары, айыл чарба жаныбарлары, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтары жөнүндө айтып, суроолорго жооп берди. Аталган форумга онлайн аркылуу ОшМУнун окутуучулары да катышты.

Илим жумалыгынын алкагында Самара мамлекеттик агрардык университетинин стратегиялык жана бизнес өнөктөштөрүнүн катышуусунда бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлөт. Форумдун максаты — талааларда гана эмес, айыл чарба продуктыларын кайра иштетүүдө, айыл чарбасы үчүн кадрларды даярдоодо да жогорку эффективдүү иш аракеттер үчүн илим менен еөндүрүштү жакындатуу болуп саналат.

Форумдун ачылышы боюнча маалыматты бул шилтемеден көрсөңүз болот  https://www.youtube.com/watch?v=gCFR0sPyC7Q.

Фото галерея