Желбирей бер эркиндиктин желеги 

Башкы Жаңылыктар

Желбирей бер эркиндиктин желеги 

Image

Бүгүн, 3-март өлкө боюнча  мамлекеттик  туу күнү белгиленүүдө. Мындан улам окуу жайда ректорат,  профессордук-окутуучулук курамдын, студенттер катышуусунда иш-чара болду. 
Майрамдык и-чара студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштар арасында өлкөбүздүн символикаларын урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында уюштурулду.
ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова эң башкы символикаларыбыздын  бири болгон Туу күнү менен куттуктап, ар бир жаран үчүн туу баалуулугун билүү, сезүү милдет экендигин айтып, бардык тармак боюнча өлкөбүздүн туусу бийик желбирей берсин деген тилегин билдирди.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырлар жаңырды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Фото галерея