Юристтердин этикасы боюнча эл аралык эксперт ОшМУда тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Юристтердин этикасы боюнча эл аралык эксперт ОшМУда тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

АКШнын Техас штатынын адвокатурасынын дисциплинардык комиссиясынын төрайымы, адвокат, юристтердин этикасы боюнча эл аралык эксперт Шоаной Бэкэрмен Уиллин 2-мартта ОшМУнун юридика факультетинин активист студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Шоаной Бэкэрмен Уиллин айым өзүнүн жана АКШдагы адквокаттардын кесиптик этикалык принциптеринин практикасын, жүрүм-турумдун жогорку стандарттарына жетишүүнүн жолдорун,  сот тутумуна жана жалпысынан юридикалык кесипке болгон ишенимин жогорулатуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуу «Ист Вест Менеджмент Институт» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалы жана  Юридика факультетинин деканаты тарабынан демилгеленип, “Укук булагы" аттуу доолборунун алкагында өткөрүлдү.

 

Фото галерея