Достуктун жана кызматташтыктын духунда

Башкы Жаңылыктар

Достуктун жана кызматташтыктын духунда

Image

Москва шаарында өтүп жаткан Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съездинде  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Достуктун жана кызматташтыктын духунда” аттуу баяндама жасады.
Баяндамада ОшМУнун орусиялык ЖОЖдор менен кызматташуусу, биргеликте аткарылып жаткан иштер, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, пландар, жетишкендиктер боюнча маалыматтар камтылды.
Съезддин алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен ММУнун "Ломоносов" атындагы борборун ОшМУда ачуу боюнча  келишимге кол коюшту.  
Учурда ОшМУ Россиянын 70тен ашык университеттери менен эки тараптуу кызматташууда.

Фото галерея