ОшМУда Орусиянын ЖОЖдоруна бөлүнгөн квоталар боюнча маалымат берилди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Орусиянын ЖОЖдоруна бөлүнгөн квоталар боюнча маалымат берилди

Image

ОшМУга Россотрудничествонун өкүлчүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчиси Альберт Зулхарнеев жана орус тилин жана орус билимин жайылтуу боюнча долбоорлордун куратору Ирина Царева иш сапары менен келишти. 

 

 ОшМУнун Эл аралык байланыштар боюнча департаменттин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, алдыдагы кызматташуунун багыттары боюнча пикир алышты. 

 

 Россотрудничествонун өкүлдөрү окуу жайдын жыйындар залында студенттер, жогорку класстын окуучулары, ата-энелери, окутуучулар менен жолугушту.   

Алар Орусиянын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистр, аспирантурага бөлүнгөн квоталар аларга тапшыруунун жол-жоболору боюнча маалымат беришти.

Фото галерея