ОшМУнун студенти өлкөнүн чемпиону болду 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти өлкөнүн чемпиону болду 

Image

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында самбо боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Спорттук мелдешке ОшМУнун юридика факультетинин 3-курсунун студенти Тимурлан Токтоболотов катышты. Жыйынтыгында Тимурлан Токтоболотов 1-орунду алып, КРнын эркектер арасындагы күжүрмөн самбо боюнча чемпиону болду.
Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча,  кыз-келиндер арасында: 50, 54, 59, 65, 72, 79, 80, +80 кг, эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг салмакта, 
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, +98 кг салмакта категориясында өттү.
Мелдеште  өлкө боюнча 280ден ашуун спортчу күч сынашты.

Фото галерея