ОшМУда коопсуздук кызматы иштей баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда коопсуздук кызматы иштей баштады

Image

ОшМУнун студенттеринин жана кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билим берүү мейкиндигинде окуу, эмгек жана эс алуу процессинде ар кандай коркунучтардан коргоону максат кылган Коопсуздук кызматы иштей баштады.

Кылмыштуулук менен байланышкан социалдык мүнөздөгү кооптуу, экстремалдык жана өзгөчө кырдаалдар жана азыркы замандын эң коркунучтуу көрүнүшү – терроризм бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйүнө айланды.

Учурда Коопсуздук кызматы окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова менен биргеликте түзүлгөн иш планга ылайык бардык факультет, колледждерде мушташ, бейбаштык жана мыйзамсыз акча талап кылуу фактыларына байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Ош шаарынын ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиция кызматкерлери жана инспекторлору менен жолугушууларды өткөрүүдө.

ОшМУнун жетекчилигине студенттер жашаган жерлерде (окуу корпустары, студенттик шаарчалар, жатаканалар ж.б.) тартипти, ички коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча коменданттардын, кароолчулардын жоопкерчилигин жогорулатуу сунушу айтылды.

ОшМУнун студенттеринин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана жаштар арасындагы абалды кылмыштуулуктан арылтуу боюнча иш-чараларды биргелешип иштеп чыгуу максатында ЖДКнын участкалык инспекторлору менен ОшМУнун ортосунда мезгил-мезгили менен эки тараптуу жумушчу жолугушууларды өткөрүп туруу келишими түзүлдү. ОшМУдагы бардык декандарга, директорлорго, тарбиялык иштери боюнча декандын, директордун орун басарларына иш пландар тааныштырылып, студенттер арасында тарбия иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.