Эразмус+ программасынын BERNICA долбоорунун алкагында акысыз англис тили окутулуп жатат

Башкы Жаңылыктар

Эразмус+ программасынын BERNICA долбоорунун алкагында акысыз англис тили окутулуп жатат

Image

2023-жылдын 20-февралынан тарта ОшМУнун илим изилдөөчүлөрү жана окутуучулары үчүн Эразмус+ программасынын BERNICA "Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia" долбоорунун алкагында англис тили курсу окутулуп жатат.

Upper-Intermediate, Pre-Intermediate жана Elementary деңгээлдеринде сабактар уюштурулган. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында өткөрүлүүдө.

Акысыз курстун мөөнөтү төрт айды түзөт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Фото галерея