ОшМУнун волейбол балдар жана кыздар клубдары финалдык төрттүккө чыгышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун волейбол балдар жана кыздар клубдары финалдык төрттүккө чыгышты

Image

Бишкек шаарында 6-12-март  күндөрү өткөн волейбол боюнча өлкөнүн клубдар аралык XV чемпионатынын Улуттук лигасында ОшМУнун "ОшМУ-Университет" волейбол балдар клубу  I-II турдун жыйынтыгындагы жалпы упайлар боюнча 1-орунга чыкты жана финалдык бөлүккө жолдонмо алышты.  Чемпионаттын эң жогорку баскычы болгон Улуттук лигада 8 команда ойнойт. Алардын ичинен эң мыкты оюн көрсөткөн 4 команда III  жыйынтыктоочу турга жолдонмо алышты.

Ал эми волейбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын XV ачык чемпионатынын Улуттук лигасынын I-II турунун жыйынтыгы боюнча "ОшМУ-Университет" кыздар клубу жалпы эсеп боюнча 3-орунду ээлеп, финалдык бөлүккө жолдонмо алды.

ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан окуу жайдын намысын коргоп жаткан "ОшМУ-Университет" кыздар клубуна жана "ОшМУ-Университет" балдар клубунун курамын куттуктап,  финалдык  турга  ийгилик каалайбыз!

Жыйынтыктоочу финалдык беттештер 2023-жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда өлкөнүн волейбол боюнча чемпиондору аныкталат.

Фото галерея