Окутуучулар, студенттер шаардагы жарнактарды текшерди

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар, студенттер шаардагы жарнактарды текшерди

Image

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы көрнөк-жарнактарга эки жума текшерип чыгышты . Алар жарнактардагы кыргызча, орусча жана чет тилде ката жазылган маалыматтарды каттап, сүрөткө тартышты.  Ошондой эле жеринде ээлерине туура жазылышы боюнча маалыматтарды берип, аларды сабаттуулукка чакырды.
Эки жуманын ичинде жыйналган бардык материалдардын электрондук үлгүсү Ош шаардык мэриясынын алдындагы тил боюнча комиссиясына, жарнама жана дизайн бөлүмүнө берилди.
Иш-чара Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү жана аткарылышы боюнча уюштурулду.
Максат студенттерге кошумча билим, көндүм болсо, мэрия көмөк көрсөтүү.

Фото галерея