Киноакадемиянын студенттери “Кыргызфильмде”  

Башкы Жаңылыктар

Киноакадемиянын студенттери “Кыргызфильмде”  

Image

ОшМУнун искусство факультетинин киноакадемия бөлүмүнүн бүтүрүүчү курсунун 5 студенти Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында дипломдук практикасын өтөп жатышат.
Анда студенттер киностудиянын монтаждоо, үн жаздыруу, музыка коштоо цехтери, архив жана бакша бөлүмдөрүнүн иши менен таанышып, кесипкөй адистерден сабак алышууда. Ошондой эле редакцияда киносценарий жазуу анын форматын өздөштүрүү, тема тандоо, тасмага баа берүү боюнча үйрөнүп жатышат.
Мындан сырткары киностудиянын директору А.Бекболотов кино жаратуунун түйшүгү, керемети,  максат-маңызы тууралуу айтып берди.
Студенттер башкы редактор Назым Мендебаировдон драматургиянын өңүттөрү жөнүндө угуп, белгилүү режиссер Темир Бирназаров жана башка режиссерлор, операторлор менен жолугушту.  
Режиссер А.Жураеванын “Кыргызфильмде” тартылган “Алтынга карай” даректүү фильмин, режиссер А.Ажыматовдун “Жоокер” кыска метраждуу ойномо фильмин режиссерлордун өздөрү менен бирге көрүп, соңунда тасманы талдоо максатында суроо-жооптор болду.  
Учурда “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилигинин сунушу менен студенттер соцроликтин мыкты сценарийи үчүн ат салышууда. Социалдык роликтин сценарийи киностудиянын “Киносценарий” баракчасына жарыяланып, студенттер өздөрү тартып, даярдайт.

Фото галерея