Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалы ОшМУ менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалы ОшМУ менен кызматташат

Image

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалынын директору Жамин Шейшенов ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов менен жолугуп, кызматташуу келишимине кол коюшту.
Макулдашууга ылайык, профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жумушчу сапарлар, стажировкалар;
биргелешкен билим берүү программаларын, кош дипломдук программаларды иштеп чыгуу, массалык маданий-спорттук жана эс алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү, илимий жана билим берүү ишин илимий-методикалык камсыздоодо бири-бирине маалымат алмашуу жана жардам көрсөтүү, окуу, усулдук жана илимий иштерди жүзөгө ашыруу үчүн адистерди алмашуу каралган.
Мындан сырткары, окутуунун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыгуу жана жаңы билим берүү технологияларын киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга, студенттердин  жайкы мектептерге, лагерлерге катышуусуна, окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин илимий стажировкадан өтүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү жана электрондук китепкананын ресурстарына жетүүнү камсыз кылууга билим берүүнүн дистанттык жана тармактык формалары колдонулган академиялык мобилдүүлүк программаларын иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоого жетишилди.
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети Казахстандагы алдыңкы көп тармактуу жогорку окуу жайы. 2022-окуу жылында QS World University Rankings эл аралык рейтинг агенттигинин изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети дүйнөлүк университеттердин арасында 150-орунду ээледи. 

Фото галерея