ОшМУда  Curriculum GlobALe программасын окутуу башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда  Curriculum GlobALe программасын окутуу башталды

Image

DVV international Kyrgyzstan өкүлчүлүгү жана ОшМУ Curriculum GlobALe программасын окуу процессине кийирүүнү  ишке ашыруу максатында  ОшМУнун окутуучуларына программаны окутууну баштады.  Аталган программага  катышуучулар долбоордун адистери тарабынан аңгемелешүүдөн өтүп, конкурстук негизде тандалып алынды.

Бул долбоордун  максаты - Curriculum GlobALe программасын билим берүүнүн формалдык секторунда жайылтуу үчүн ОшМУнун окутуучуларынан специалист - андрагогдорду даярдоо.  Семинарда окутуучулар азыркы учурда андрагогиканын ролу жана мааниси,чоң адамдарга билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, педагогика жана андрагогиканын негизги түшүнүктөрү,айырмачылыктары, чоң адамдарга билим берүүдө окутуучунун компетенциялары, андрагогдордун чоң адамдарды окутуудагы ролу жөнүндөгү маалыматтарды алып тиешелүү билимдерге ээ болушат.

Тренингдерге, семинарларга активдүү катышкан катышуучулар  CG программасынын 6 модулдан турган этаптуу окутууларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.Программанын 1-модулун тренерлер Калиман Джунушалиева жана Чинара Ашимовалар өтүп, Curriculum GlobALe программасынын координатору  Айнура Макенбаева  катышып жатат.