Нооруз - жаз алып келген "Жаңы күн" майрамы

Башкы Жаңылыктар

Нооруз - жаз алып келген "Жаңы күн" майрамы

Image

21-март Нооруз майрамына карата ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде оюн зоок, кечелер өтүп жатат. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректордук жамаат майрамдык салтанаттарга катышып, окутуучуларды жана студенттерди майрам менен куттукташты. Майрамдык иш-чараларда ыр-бий, улуттук спорт оюндары, мелдештер уюштурулду. Улуттук тамак-аштар бышырылып, майрамдык дасторкан жайылып, Нооруздун негизги тамагы - сүмөлөк кайнатылууда. Ошондой эле университеттин жатаканаларында майрамдын урматына улуттук оюндардын мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Фото галерея