“Ден-соолук - 2023” спартакиадасы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

“Ден-соолук - 2023” спартакиадасы жыйынтыкталды

Image

Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын  жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден-соолук - 2023» спартакиадасы 14-мартта башталып, төрт күнгө созулду. Спорттук иш-чарага Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларда эмгектенген  кызматкерлер катышты. ОшМУнун курама командасынын төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болду.

     Волейбол:

     40 жаштан жогорку агайлар командасы  2-орун

     40 жашка чейинки агайлар командасы     1-орун

     40 жаштан жогорку аялдар командасы     1-орун

     40 жашка чейинки аялдар командасы        3-орун

     Футбол:   

    40 жаштан жогорку оюнчулар командасы 1-орун

     40 жашка чейинки оюнчулар командасы   1-орун  

     Стритбол: 

      40 жаштан жогорку оюнчулар                 1-орун

      40 жашка чейинки оюнчулар           1-орун

     Ордо:      

      ордо оюнунун командасы                           1-орун

     Шахмат:  

     агайлар командасы             1-орун

     аялдар командасы       1-орун

     Тогуз коргоол:

       агайлар командасы    3-орун

     Стол тенниси:

        40+ оюнчулар командасы        3-орун

       40 жашка чейинки агайлар  командасы       1-орун

        аялдар командасы         1-орун

«Ден-соолук - 2023» спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин  арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында болуп өттү.  Жеңүүчү командалар жайында  Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышты.

Фото галерея