ОшМУда окуган чет өлкөлүк студенттер үчүн спорттук мелдеш өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окуган чет өлкөлүк студенттер үчүн спорттук мелдеш өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда спорттун волейбол, футбол жана шахмат түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду. Ага футбол боюнча 22, волейбол боюнча 9 команда жана шахматка 20, жалпысынан 200гө жакын студент катышты.

Жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунду Медицина факультетинин «Күчтүүлөр» командасы, 2-орунду Дене тарбия факультетинин «Биримдик» командасы жана 3-орунду Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «Инфак» командасы ээледи.

Волейбол мелдешинде  1-орунду Медицина факультетинин «Ден соолук» командасы, 2-орунду Эл аралык медицина факультетинин «STAR INDIA» командасы жана 3-орунду ушул эле факультеттин «TEAM INDIA» командасы багындырды.

Шахмат оюнунда 1-орунду Эл аралык медицина факультетинин студенти Баласуреш Вишва, 2-орунду Медицина факультетинин студенти Бакытбек уулу Талгат  жана 3-орунду Эл аралык медицина факультетинин студенти Варун Багхел жеңип алды.

Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга дипломдор, баалуу белектер тапшырылды.

Спорттук мелдеш ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү жана Дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду. Жакынкы күндөрү бөлүм тарабынан “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу маанайшат конкурсу өткөрүлөт.

 

Фото галерея