Журналистиканын студенттери эл аралык сынакта алдыңкы орундарды алды

Башкы Жаңылыктар

Журналистиканын студенттери эл аралык сынакта алдыңкы орундарды алды

Image

2023-жылдын 16-17-март күндөрү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун,журналистика факультетинин, жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын,"Жоогазын" жарнама жана PR" улуттук фестивалынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эл аралык студенттик конференция болду.

“Заманбап дүйнөдөгү санариптик коммуникациялардын трансформациясы” аталышындагы  конференцияга  ОшМУнун  “Журналистика” багытында билим алган 6 студенти катышып келди.

Жыйынтыгында 1-орунду  Бүбүсара Кубанчбек кызы, Арууке Камалидинова  3-орунга  Өмүрбек Сатыбалдиев ээ болду. Студенттер жана окутуучулар менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугуп, ийгиликтери менен куттуктады.

Фестивалдын аягында Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университети тарабынан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго жана журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешовага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

"Жоогазын" фестивалына  Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда жарнамалоо жана коомчулук менен байланышуу багытында билим алып жаткан жаштар онлайн жана кадимки режимде катышты.

Иш-чара жарнама багытында иштегендер менен студенттердин ортосунда байланышты түзүү, тажрыйба алмашуу максатын көздөдү.

Фото галерея