Окутуучулар Самарканд мамлекеттик университетинде өткөн көргөзмөгө катышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Самарканд мамлекеттик университетинде өткөн көргөзмөгө катышты

Image

Искуство факультетинин сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучулары Самарканд мамлекеттик университетинде  өткөн “Искусство өлкөлөрдү жана элдерди бириктирет” аттуу эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө катышты. 
Көргөзмөгө төрт окутуучунун жана студенттердин живопись, графика жанрындагы эмгектери коюлду. Иш-чаранын алкагында окутуучу Зуура Турдубаева Самарканд мамлекеттик университетинде “Искуство таануу” багытында билим алган студенттерге   түстөрдүн негиздери боюнча семинар өттү.
Сапардын алкагында студенттердин мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу жана талаа практикаларын биргелешип өткөрүү боюнча да сүйлөшүлөр болду.
2022-жылы сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучулары студенттери Андижан мамлекеттик университетинде өткөн эл аралык көргөзмөгө катышкан.

Фото галерея