Инновациялык бизнес-идеяңыз бар болсо ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына катышуу үчүн өтүнмө толтуруңуз

Башкы Жаңылыктар

Инновациялык бизнес-идеяңыз бар болсо ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына катышуу үчүн өтүнмө толтуруңуз

Image

ОшМУнун студенттери, магистранттары жана мугалимдери үчүн ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына катышуу үчүн өтүнмө.

Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Ош мамлекеттик университинин Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына катышуу үчүн өтүнмө (заявка) формасы.

Бул сурамжылоону толтуруу аркылуу сиз "Жергиликтүү өнүгүү" долбоорунун жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын окуу иш-чарасына катышуу үчүн өтүнмө таштаган болосуз. Окутуу  27-марттан 1-апрельге чейин 5 күнгө созулуп,  саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарында ОшМУнун Бизнес Паркында болуп өтөт. Окутуунун 6-күнү (1-апрель) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп табылган 2 бизнес идеяга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.

Инновациялык бизнес-идеяңызды, так жана түшүнүктүү кылып жазыңыз. Бизнес-идеям сыр, өтсөм айтып берем, жолукканда айтып берем, кийин билип аласыз, идеямды сатып жибересиз деген варианттар болбойт. Эмне үчүн Сиз ушул тренингке катышышыңыз керек так жазып далилдеп бериңиз.

Программага катышуу 100% акысыз, ошондой эле долбоор тарабынан таркатуучу материалдар жана тамак-ашка байланыштуу бардык чыгымдар каралган.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 25-мартына чейин кабыл алуу уланат.

Тренинге катышуу үчүн төмөндөгү шилтемеге катталыңыз: https://forms.gle/RGoPbpwvUheo6BSY7

Суроолор боюнча 0772750705 (Эрлан), 0550 085 530 (Айтмамат) номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.

https://www.instagram.com/p/CqF1nFMI3rs/?igshid=MDJmNzVkMjY=