Евразиялык билим берүү жарманкеси өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Евразиялык билим берүү жарманкеси өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинин базасында Орусия, Казакстан, Беларуссиянын  жогорку окуу жайлары катышкан Евразиялык билим берүү жарманкеси өтүп жатат.  

Иш-чарага ОшМУдан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жарманкеге катышып жаткан жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышууда.  

Жарманкеде мектеп бүтүрүүчүлөрү,  студенттер жогорку окуу жайлардын билим берүү тармагындагы техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык жана башка багыттары, билим алууга түзүлгөн шарттары, жумуш орундары жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алып жатышат. Каалоочулар ЖОЖдордун экспресс-тестирлөөсүнөн өтүшүүдө.  

Жарманке билим берүү тутумдарынын географиясын кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында жыл сайын уюштурулуп келет. Иш-чара Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин базасында 24-25-март күндөрү өтөт.

 

Фото галерея