Молдова мамлекетиндеги университеттер менен кызматташуулар жанданат

Башкы Жаңылыктар

Молдова мамлекетиндеги университеттер менен кызматташуулар жанданат

Image

ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева,  окутуучу Асель Абылкасымова Бириккен Улуттар Уюмунун калк башкармалыгынын Кыргызстандагы Кризистик борборлордун ассоциациясынын колдоосу менен  Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги боюнча Молдова өлкөсүнө тажрыйба алмашуу максатында барып келишти.

Сапардын алкагында Молдова мамлекеттик университети жана
Мамлекеттик медициналык жана фармацевтикалык университетинде психология, клиникалык психология боюнча окулуучу дисциплиналарда биринчи психологиялык жардам берүү, психикалык саламаттык темаларында түзүлгөн силлабус, жумушчу программа, электрондук окуулуктар менен таанышышты. Андан сырткары 40 ашуун психологиялык жардам берүү борборлорунда болушту.

“Молдова мамлекеттик университети менен эки тараптуу келишим түзүү маселесинде сүйлөшүп келдик. Келишимде окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу маселелери камтылат”,-деди  психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева.

 

Фото галерея