Жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

Жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өтүүдө

Image

Бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрүүдө.

Ага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышып, “Жогорку билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана Кыргыз Республикасындагы заманбап университеттин модели” аталышында баяндама жасады.

Баяндамада жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү: тренддер жана көйгөйлөр, ЖОЖду өнүктүрүүнүн мыкты моделдери жана практикасы, жогорку кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган.

Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар, аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Консультациялардын жана талкуулардын жыйынтыктары республикадагы жогорку билим берүү системасындагы реформаларды пландоого, ЖОЖдорду стратегиялык багыттоону пландаштыруу үчүн негиз болуп берет.

Ошондой эле талкуулардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2030- жылдарга карата планында чагылдырылат.

Фото галерея