![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/Gm7RmpXPLJeFA2AjlzxueW3PCtTP2DBI3O5CHirk.jpeg)
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2006-жылдын 27-февралындагы № 5 жыйынынын чечиминин негизинде, ректордун 2006-жылдын 3-мартындагы № 67 буйругу менен бекитилген «Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо» жөнүндөгү жобого ылайык 28-мартта Тарых жана социалдык иштер факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү.
Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен тарых илимдеринин кандидаты, доцент Арстанов Сабыр Абдуманапович тарых жана социалдык иштер факультетине декан болуп 5 жылдык мөөнөткө шайланды.
С. Арстанов буга чейин декандык кызматты аркалап келген, факультеттин аталышы өзгөргөнүнө байланыштуу кайрадан шайлоо өткөрүлдү.