Ошто Абсамат Масалиевди эскеришти

Башкы Жаңылыктар

Ошто Абсамат Масалиевди эскеришти

Image

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата иш-чара өттү.  Ага Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, коммунисттер жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

Эскерүү иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиев тууралуу эскерүүлөр айтылып, эстелигине гүл коюлду. 

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 31-декабрындагы “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Фото галерея