Профессор Курманбек Алыбаев ОшМУнун ардактуу профессору болду

Башкы Жаңылыктар

Профессор Курманбек Алыбаев ОшМУнун ардактуу профессору болду

Image

Кыргыз илим-билимине салым кошуп келе жаткан  ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, ОшМУнун алдында түзүлгөн диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Курманбек Алыбаевге “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. 

Сыйлоо аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

“Окуу жайыбыздын сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары биз сиз менен дайыма сыймыктанып келебиз. Анткени илимге болгон эң алгачкы кадамыңыз ушул куттуу окуу жайдан башталган. Чыныгы атуул, сыймыктуу бүтүрүүчү катары ОшМУ тууралуу ар дайым жакшы кебиңизди айтып, тыгыз кызматташып келесиз. Өлкөбүздүн математика илимине зор салым кошуу менен катар илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдап чыгаруудасыз”,-деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

 

Сыйлоо аземинен кийин профессор Курманбек Алыбаев "Мен бүгүн аябай толкунданып турам. Анткени ушул окуу жайдын бүтүрүүчүсү катары “ОшМУнун ардактуу профессору” наамын алуу мен үчүн сыймык. Бул сыйлык менин буга чейин алган бардык сыйлыктарыман жогору турат. Мындан чоң сыйлык болушу мүмкүн эмес. Бул наамды актаганга аракет кылам, илимий кардларды даярдап чыгарууга, студенттерге келип конок лекцияларды окууга өзүмдөн салымымды кошом”,-деди.

Профессор Курманбек Алыбаев 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун) физика-математика факультетинин математика адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. 49 жылдык эмгек жолунда 200 дөн ашуун илимий макалалардын, 50дөн ашуун окуу-усулдук колдонмолордун автору болууга жетишкен. Илим жолунда 1 доктор, 3 илимдин кандидатын даярдап чыгарган.

 “ОшМУнун ардактуу профессору” Курманбек Алыбаев быйыл өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат.

Фото галерея