ОшМУга Франциянын Пуатье университетинен делегация келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга Франциянын Пуатье университетинен делегация келди

Image

Франциянын Пуатье университетинин италия тили жана цивилизациясы кафедрасынын профессору, Борбордук Азия университеттери менен кызматташуу маселелери  боюнча жооптуу Лисиа Багини жана Пуатье университетинин славян жана чыгыш тилдер бөлүмүнүн кызматкери Галина Субботина ОшМУга жумуш сапары менен келди.
Делегацияны ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев тосуп алды. Ошондой эле дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери, окутучулары менен жолугуп,  Пуатье университети алмашуу программалары боюнча маалыматтарды беришти.
Коноктор ОшМУнун окуу кампустарында болуп, материалдык техникалык база менен таанышат. 
ОшМУ Пуатье университети менен “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон.  Келишимге ылайык ОшМУнун окутуучулары жана студенттери мындан ары Пуатье университетинен бир семестр окуудан өтүп, семинар-тренингдерге катыша алышат.  
Мындан ары аталган окуу жай менен  илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын биргеликте ишке ашыруу боюнча кызматташуулар уланат.

Фото галерея