Жаңы окуу жылында кабыл алынган окутуучулардын сабактарына баа берилип жатат

Башкы Жаңылыктар

Жаңы окуу жылында кабыл алынган окутуучулардын сабактарына баа берилип жатат

Image

2022-2023-окуу жылында ОшМУнун факультет, колледждерине жалпысынан 222 окутуучу жумушка кабыл алынган.  Окуу жайда жаңыдан жумушка кабыл алынган окутуучулар алгач кадрлар резервинен өтүшөт. Кадрлар резервинин 1-этаптабында   предметтик тест боюнча, II этапта   педагогика жана психология предметтери боюнча сынак тапшырышат.

Сынактардан өткөн окутуучулар  жумушка кабыл алуунун кийинки этабында кафедранын денгээлинде, андан кийин факультеттин деңгээлинде ачык сабактарды өтүшөт. Жыйынтыгында Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда ачык сабак өтүп беришет.

“2023-жылдын январь айынан тартып Билим берүүнүн сапаты бөлүмү жаңы кабыл алынган окутуучулардын сабактарына катышууну баштаган болсок, учурда аяктап калды. Окутуучуларыбыз бизге чейин да кафедрада, факультетте да ачык сабактарды өтүп, тиешелүү методикалык кеңештерди алгандыктан сабактардын көпчүлүгү талаптарга жооп берип жатат. Биз сабактарга баа гана бербестен, усулдук жардам көрсөтүп жатабыз. Айрым окутуучуларга сунуштарды айтып, 3 айлык, 6 айлык сыноо мөөнөттөрүн да берип жатабыз”, -деди Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн сапат менеджменти секторунун башчысы Махабат Былыкова.

Фото галерея