Тогуз коргоол боюнча ОшМУнун курама командалары 1-2-орундарды ээледи

Башкы Жаңылыктар

Тогуз коргоол боюнча ОшМУнун курама командалары 1-2-орундарды ээледи

Image

Бишкек шаарында өтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Универсиадасында ОшМУнун тогуз коргоол боюнча кыздар курама командасы 1-орунду, эркектер командасы 2-орунду ээледи. Тогуз коргоол боюнча мелдешке өлкөдөгү ЖОЖдордон 18 команда катышып, күч сынашкан.

Кыздар курама командасы уюштуруучулар тарабынан  I даражадагы диплом жана 25 000 сомдук сертификат, эркектер курама командасы   II даражадагы диплом жана 15 000 сомдук сертификат менен сыйланды.

 Кыздар командасынын машыктыруучусу улук окутуучу Гулнара Мурзакаримова, эркектер командасынын  машыктыруучусу окутуучу Дүйшөнкул уулу Азизбек.

Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин  спорттун 17 түрү боюнча өтөт. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.

Окуу жайдын намысын коргоп жаткан студент улан-кыздарды жана машыктыруучуларын жалпы жамааттын атынан куттуктайбыз.

Фото галерея