АКШнын Депол университети ОшМУ менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

АКШнын Депол университети ОшМУ менен кызматташат

Image

ОшМУнун жаштар бизнес паркынын директору, Энактас ОшМУ командасынын академиялык эдвайзери Эрлан Камалов Чикаго шаарындагы Депол университетинде болуп, университеттин жетекчилиги менен жолугушту. 

Тараптар сүйлөшүүдө академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен долбоорлорду, изилдөөлөрдү ишке ашыруу, конок лекторлорду чакыруу, бухгалтерлердин билимин жогорулатуу, кош дипломдуу программалар, бизнес-инкубаторлорду,  стартаптарды өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташуу үчүн Ош мамлекеттик университети менен Депол университетинин ортосундагы эки тараптуу келишимдин үлгүсүн карап чыгып, кол койууга даярдоого макулдашышты.

Мындан сырткары май айында Депол университетинин өкүлдөрү ОшМУга атайын иш сапары менен келет.

Фото галерея