Догдурбек Кубатбек уулу “Маданияттын мыкты кызматкери”

Башкы Жаңылыктар

Догдурбек Кубатбек уулу “Маданияттын мыкты кызматкери”

Image

ОшМУда өтүп жаткан “Салттуу маданият жана искусствону изилдөө маселелери” аталышында илимий-практикалык конференциянын алкагында искусство факультетинин элдик музыкалык аспаптарды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын окутуучусу Догдурбек Кубатбек уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. 
Ал эми искусство факультетинин деканы Жеңиш Мойдунов, музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хор дирижерлоо кафедасынын башчысы Ажимамат Боронбаев, “Салтанат” фольклордук ансамблинин жетекчиси, окутуучу Бакай Жумабаев жана тарых факультетинин доценти Нурабидин Маразыков маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак Грамотасы берилди.
Бүгүн ОшМУда Ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, салтуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирүүнү көздөгөн Салттуу музыка жумалыгынын алкагында илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Фото галерея