![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Андижан мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Гулхумор Таджибаева, аталган кафедранын доценти, п.и.к. Токтахан Сулейманова, улук окутуучусу Ёдгархон Юсупова ОшМУга конок лектор болуп келди. Окуу жайдын психология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышышты.
Конок лекторлор 1-курстун студенттерине жалпы психология боюнча лекция окуп, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.