Чет элдик студенттер арасынан мыкты блогерлер аныкталды

Башкы Жаңылыктар

Чет элдик студенттер арасынан мыкты блогерлер аныкталды

Image

 Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү университетте окуп жаткан чет элдик студенттердин ортосунда “Жылдын мыкты блогери” конкурсун өткөрдү. Иш-чара ОшМУнун иштелип чыккан жаңы брендин дүйнө жүзүнө жана коомчулукка интернет аркылуу жайылтуу максатында уюштурулду. Бул үчүн студенттер университеттин жаңы брендинин электрондук түрдөгү материалдарын өздөрүнүн аккаунтарынан социалдык тармактарга (фейсбук, инстаграм жана ютуб) жүктөштү. Ким көбүрөөк жакты белгисин жана видео көрүүлөрдү топтосо, ал жеңүүчү катары аныкталышы түшүндүрүлдү. Конкурска жалпысынан 100дөн ашык адам катышты.

 Калыстар тобунун курамына студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Ж.А. Артыкова, профсоюз уюмунун төрагасы А.Э. Саттаров жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучусу Г. Шамшиева кирди. Иш-чарага ОшМУнун профсоюз уюму демөөрчүлүк кылды.

Жыйынтыгында баш байгени Эл аралык медицина факультетинин студенти Анкит Кумар Акела,  “Жеңүүчү” номинациясын Медицина факультетинин студенти Байгожоев Авыла-Бий, 1-орунду Эл аралык медицина факультетинен Сйед Осама Рахман, 2-орунду Орус филологиясы факультетинен Аяна Кадаева, 3-орунду Табият таануу жана агрардык технологиялар факультетинен Ахмедов Дилёрбекке ээледи.

 Жеңүүчүлөргө статуэткалар,  грамоталар тапшырылды.

Май айында бөлүм “ОшМУ жөнүндөгү мыкты дил баян” конкурсун уюштурат.

Фото галерея