ОшМУда Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофоруму башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофоруму башталды

Image

Университеттин башкы корпусунда Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземи болду. V Кинофорум кыргыз жазуучусу, акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссер айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналды. Мында Лиля Турусбекова тууралуу даректүү тасма көргөзүлүп, куттуктоо сөздөрү орун алды.

Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумуна Түштүк Корея, Түркия Казакстан жана Өзбекстан келген 14 режиссер-айым режиссердун көркөм жана даректүү тасмалары көрсөтүлөт. Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген кесипкөй киночулар тарабынан мастер-класстар, семинарлар берилип, атамекендик кинематографисттердин катышуусунда тегерек столдор-талкуулар уюштурулат.

Келген режиссер айымдар менен  ректор К.Кожобеков жолугуп ОшМУнун материалдык техникалык базасы боюнча маалыматтарды берди.

V Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Кинофорум 11- майдан 14-майга чейин уланат. Кинофорум “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Фото галерея