![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Эксперттик комиссия келген күндөн тартып жетекчилик, факультеттин декандары, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр, студенттер менен жолугушуп, маектешүүлөрдү өткөрүүдө.
2 күн аралыгында материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшөт.
2018-жылы ОшМУ биринчилерден болуп институционалдык көз карандысыз аккредитациядан өткөн, учурда беш жылдык мөөнөтү аяктап кайрадан аккредитациядан өтүп жатат.